Афганистанда кош бойлуу аял мигранттар лагеринде өзүн өрттөдү
Афганистандан келген кош бойлуу аял Грециянын Лесвос аралындагы Мориа качкындар лагеринде өзүн-өзү өрттөдү. Окуя боюнча тергөө амалдары башталды. Мааллыматты чет өлкөлүк басылмалар жазып чыкты.
26 жаштагы афгандык качкын аял жакынкы айларда Германияга кетиши керек болчу. Бирок лагерде иштеген дарыгерлер кош бойлуу болгонуна байланыштуу кетүүгө уруксат берген эмес.
«Ал кылган ишине абдан өкүнүп жатат. Колунан, бутунан жана башынан күйүк алган", - деп айтылат маалыматта.
Аял жашаган лагерде жалпысынан 6,5 миңдей качкын баш калкалайт. 2020-жылы Мориа лагери дээрлик толугу менен күйүп кеткен. Коронавируска байланыштуу баш аламандык учурунда аны иммигранттар өздөрү өрттөшкөн деп болжолдонууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:12
2025-07-01
20:26
2025-07-01

Рейтинг:
-1

Олгон озунун шору