“Шумкар” атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын түзүлгөндүгүнө 29 жыл толду









Ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын түзүлгөндүгүнө 29 жыл толду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
1992-жылы 26-февралда Ички иштер министрлигинде атайын багыттагы отряд түзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин өнүгүп келүүдө. Полктун атайын операциялар отрядынын өздүк курамы 1999-2000-жылдары республиканын түштүгүндө Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында куралдуу каракчылар менен болгон салгылашууда бандиттик түзүлүштөрдү жок кылууда жана 2005-2010-жылдары мамлекетибизде жана өлкөбүздүн түштүгүндө болуп өткөн башаламан окуяларда коомдук коопсуздукту камсыздоого активдүү катышып, өздөрүнүн кыраакылыгын, кесиптик даярдыгын жогорку деңгээлде аткарган.
Ички иштер органдарын реформалоонун алкагында Ички иштер министрлигинин 2018-жылдын 23-августундагы буйругунун негизинде тез чара көрүү отряды ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун карамагына өткөрүлүп, атайын операциялар отряды болуп өзгөртүлгөн.
Өздүк курамды кесиптик майрамы менен куттуктоого ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, полктун атайын операциялар отрядынын мурдагы командирлери, ардагерлер жана кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин жакындары келишти.
Иш-чара кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон кызматкерлердин эстелигине гүл коюп, аларды 1 мүнөттүк эскерүү менен башталды.


