Ошто бычакталган окуучу балдар амбулатордук дарылануудан өтүүдө
Ош облусунун Кара-Суу районунда эки мектеп окуучусу бычакталган. Бүгүнкү күндө балдар амбулатордук дарылануудан өтүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы тарабынан белгилүү болду.
"Жабырлануучуларга биринчи хирургиялык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Балдарга жашаган аймагы боюнча хирургга кайрылып туруу сунушталган. Бир жабырлануучу көкүрөгүнөн, экинчиси белинен жаракат алган", - дешти маалымат кызматынан.
Окуянын чоо-жайы:
22-февралда Ош шаардык ооруканасынан Ош ШИИБине аталган ооруканага 2 өспүрүм денесинен жаракат алып түшкөндүгү тууралуу кабар келип түшкөн. Жабырлануучулар 2004-жылы туулган, Ош шаарынын Панфилов атындагы орто мектептин окуучулары болгон.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган Х.И. аттуу өспүрүм кармалды. Окуучулар ортосундагы чыр бири-бирин жөөлөшүп кетүүдөн чыккан. Натыйжада шектүү жанындагы миздүү буюм менен жабырлануучуларды сайып жиберген.


