"Жердин такталбаганынан улам жөнөкөй жарандар кармалып, Тажикстанга жем болуп жатат". Коңшу өлкөнүн күч түзүмдөрү тарабынан кармалды делген жарандын эжеси билдирүү жасады

"Тажикстандын күч түзүмдөрү тарабынан кармалган бир тууганым дагы деле өлкөгө кайтарыла элек, бул жаатта биздин бийлик алсыздык кылып жатат.
Убада бергени менен андан майнап чыкпай, менин кабыргам кайышып жатат", - деген Гүлайым Бурканова SUPER.KG порталына кайрылды. Ал инисин чыгарууга эч кандай аракет болбой жатканын, андан 10 күндөн бери дайын жок экенин төмөнкүчө айтып берди.
"Мен Гүлайым Бурканова Баткен облусунун Баткен районунда төрөлгөм. Азыркы учурда Москва шаарында мигрант болуп иштейм. Менин сиздерге кайрылуумдун себеби бир тууган иним Сүйүндүк Бурканов 16-февралда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Арка базарына мал алганы барган.
Базардан 3 малды алып, ошол барган эле жолунан кайтканда эч кандай белги жок жерден пайдаланып, Тажик чек ара кызматкерлери "сен тебелеп турган жер бизге карайт" деп күч колдонуп, Тажикстанга алып кирип кетишкен. Андан бери 10 күн өттү, чыгарууга бир аракет көрүлгөн жок. 22-февралда Баткен эли чогулуп сурануу, кайрылуу, угузуу максатында Баткен облусунун губернатору Өмүрбек Суваналиевке жолукканыбызда, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат дегенинен макул болуп кеткенбиз. Андан бери да 4 күн өттү, эч дайын жок.
Тажикстан тарап 300 миң ар бир жаранга айып пул салып жатат. Иним өзү ата-энемди бага турган үйдүн эң кичүү баласы. Анын 5 баласы бар, пособия албайт. Ал мындай турсун ата-энем да пенсия албайт. Анан 1 жылдан бери карантин болуп Москвада иштеп келген кичине акчасын карантин учурунда ичип-жеп түгөтүштү. Анан инимде кайдагы 300 миң сом акча? Өзү эч жерде иштебеген адам болсо.
Инимдин 20-февралга Москвага уча турган билети бар эле, аны да 60 миң сомго сатып алган элек.
Эми ушу биздин бийликтин алсыздыгынан, жердин такталбаганынан, тиешелүү белгилердин жоктунан жөнөкөй жарандар кармалып, Тажикстанга жем болуп жатышат. Аларды кармаган жерди ошол жердеги туруктуу жашоочулар эле билбесе, Баткен тараптан баргандар билбейт, кайсы жер кимге караганын. Себеби ал жерде чек жок. Өкмөттөн суранабыз ушул маселени чечүүгө дагы да болсо, үмүт кылып жардам сурайбыз", - деди Бурканова.
Буга чейин Тажикстан тарап Кыргыз жарандарын барымтага алып кармап кеткени айтылган.
Андан кийин Баткенде митинг өтүп, топтолгондор барымтага алынды делген жарандарды чыгарып берүүнү талап кылышкан.
Ал эми УКМК "Социалдык тармактарда тажик күч түзүмдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын кармалышы жана алардын барымтага алынышы жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт" деп маалымдаган.
Ошол эле учурда мекеме 5 жаран Тажикстандын күч түзүмдөрү тарабынан мыйзамсыз өтүп жаткан учурунда кармалган жана учурда бул жарандарды мекенине кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын билдирген.
Бирок Кыргыз жарандары азыр да мекенине кайтарыла элек. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталы тактоого аракет кылып Чек ара кызматына кайрылып, жооп ала алган эмес.
Ал эми өкмөттүн Баткен облусунда ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы жарандар коңшу өлкө тарабынан өлкөгө кайтарыла электигин, бул иш боюнча азыр да эки өлкөнүн тиешелүү өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатканын кабарлаган болчу.
Тажикстандын чек арасын бузуп өткөн жаранга 300 миң сомго чейин айып пул салынат же эркинен ажыратылат. Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн чек арасын бузуп өткөндөргө кандай жаза каралган? Бул шилтемени басып, кирип маалыматты окуңуз.
Баткендеги чечилбес чек ара чыры




1 |