Өткөн жылы 68 судья жоопкерчиликке тартылды. Жогорку Сот жыл жыйынтыгын чыгарды




Бүгүн, 26-февралда Жогорку Сотунун пленуму жана жыл жыйынтыгы болду. Пленумдун ишине Жогорку сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова, төрайымдын орун басарлары Нургүл Асанова жана Айнаш Токбаева, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары онлайн катышышты. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Ошондой эле пленумга президентик аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмү, Башкы прокуратура, Ички иштер министри, Юстиция министри, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жана Жогорку сотуна караштуу сот департаментинин өкүлдөрү чакырылган.
Пленумдун күн тартибинде «Жаза дайындоо боюнча соттук тажрыйба жѳнүндѳ» пленумунун токтому бир добуштан кабыл алынды.
Бул кабыл алынган токтомго ылайык, 16 жашка чейинки куракта биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасаган жашы жете элек соттолгондорго карата эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза аны пробациялык көзөмөлдү колдонуу аркылуу жазадан бошотуу шарты менен гана дайындалат. Андыктан, биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасаган жашы жете элек адамга жазаны дайындоодо соттор эркиндигинен ажыратуу жазасына альтернативдүү негизги жазалардын түрлѳрүн, тактап айтканда коомдук иштерди, түзөтүү жумуштарын жана айыпты колдонуусу зарыл.
Жыйында маалым болгондой, 2020-жылы республика боюнча биринчи инстанциядагы соттордун кароосуна жалпы 125 239 соттук иштер жана материалдар келип түшкөн. 2019-жылга салыштырмалуу соттук иштер менен материалдардын саны 9 пайыз кыскарган.
2020-жылы жергиликтүү соттор тарабынан каралган соттук иштер боюнча 5 711 соттун актысы кассациялык тартипте даттанылган.
Өткөн жылы Жогорку сотунун соттук коллегиялары тарабынан кассациялык даттануулардын 81 пайызы, башкача айтканда 4 605 соттук иштер каралып бүтүп, тиешелүү соттук актылар кабыл алынган.
2020-жылы республиканын биринчи инстанциядагы соттору тарабынан кабыл алынган соттук актылардын 10 пайыз гана апелляциялык инстанцияга даттанылган. Апелляциялык тартипте кароонун жыйынтыгында даттанылган соттук актылардын 56 пайызы күчүндө калтырылган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2020-жылдагы иштеринин жыйынтыктары жөнүндө төрайымдын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова маалымат берип, өткөн жылы 68 судья тартип жоопкерчилигине тартылгандыгын айтты. Тактап айтканда 61 судьяга алдын-ала эскертүү, 2 судьяга эскертүү, 4 судьяга сөгүш берүү чарасы колдонулган, ал эми 1 судья ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Ошондой эле тартип комиссиясы тарабынан 3 судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берилген.


