Ошто көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлык жарыяланды



26-февраль күнү Ош шаарынын мэриясында шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча штабынын биринчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, отурумга Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын төрага, төрайымдары, жогорку жана орто окуу жайлардын өкүлдөрү жана мэриянын аппараты катышты.
Жыйында жарыяланган үч айлык боюнча айтылып, айлана-чөйрөгө кам көрүү боюнча сөз болду.
"Жылына Ошто жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлык жарыяланып келет. Анын алкагында алгач бак-дарактарды, көчөттөрдү отургузуу, арыктарды, көчөлөрдү, короолорду санитардык тазалоо болуп саналат. Андан соң үйлөрдүн, коммерциялык имараттардын сырткы көрүнүшүн иретке келтирип, актап сырдоо иштери жүрөт. Шаардын көркү үчүн ар бир тургуну, убактылуу жашап жаткан коноктор активдүү катышып, тазалоо жана жашылдандыруу багытына кайдыгерлик көрсөтпөйлү", - деп билдирди вице-мэр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:24
2025-08-05
16:9
2025-08-05

15:58
2025-08-05

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.