Киев: Айпери Медет кызы атаандашын 30 секундда жеңсе, Үзүр Жусупбеков чейрек финалга чыкты



Бүгүн, 26-февралда Украинанын борбору Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү үчүн күрөш боюнча XXIV эл аралык турнири башталды.
Мелдешке 97 килограмм салмакта грек-рим күрөшү боюнча катышкан кыргыз балбан Үзүр Жусупбеков болгариялык балбан Кирилл Миловду 6:5 эсебинде жеңип, турнирдин чейрек финалына чыкты.
Ал эми кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 килограмм салмакта катышкан Айпери Медет кызы алгачкы жүрүшүндө эле украиналык балбан кызды 33 секунддун ичинде 10:0 эсебинде жеңди.
Бул турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан 33 балбан катышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
dkrf

26.02.2021. 19:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын. Айпери балбан кыз
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.