Күрөш: "Мыкты". Бекболот Мырзаназар уулу жарым финалга чыкты

Бүгүн, 26-февралда Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучулары эскерүү боюнча эл аралык турнир өтүүдө.
Турнирге Эркин күрөш боюнча 57 килограмм салмакта катышкан белгилүү балбан Бекболот Мырзаназар уулу чейрек финалда болгариялык балбан менен кез келди. Кызыктуу беттештин жүрүшүндө кыргыз балбаны 4:6 эсебинде жеңишке жетти.
Бекболот Мырзаназар уулунун атаандашы күчтүү балбан экенин жана кыргыз балбаны аягына чейин активдүү күрөшкөнүн баса белгилеп кетүү керек. Бекболот, азаматсың! Эң мыкты!
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.