Ош. Мэрия мыйзамсыз курулган кафени сүрдүрүп салганы турат
Ош шаарында мыйзамсыз курулган "Айдар-Ата" кафесин мэрия сүрдүрүп салганы жатат. Сулайман тоонун аймагынан М.Айдарова аттуу жаранга жер тилкеси 5 жылга ижарага берилген экен. Жер ээси аймакка кафе курган, бирок жердин ижара мөөнөтү бүтүптүр. "Учурда аталган кафе өз ишин улантып жатат. Кафе ээси 10 күндүн ичинде имаратты өзү бузбаса, мэрия аны сүрдүрүп таштайт",- дейт Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдимуталип Калыбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
1

