Бишкек автотранспорт ишканасында ар апта сайын коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүнүн арыздары каралат
Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасында ар апта сайын техникалык кеңеш өткөрүлүп, анда шаардыктардын жана коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүнүн арыздары каралат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 2021-жылдын эки айында 21 арыз келип түшкөн, анын ичинен 16сына чечим чыгарылып, 5нүн иш каралууда.
"26-февралда айдоочуларга карата дагы 5 протокол түзүлүп, шаардыктардан дагы 5 арыз келип түшкөн. Даттануулардын 80 пайызы социалдык тармактардагы баракчаларыбызга келип түшөт", - деп жазылат маалыматта.
Коомдук транспортторго байланышкан кайрылуулар менен төмөнкү номерлерге кайрылса болот:
• Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы: 0550143637 WhatsApp;
• Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы, автобустардын иштешин көзөмөлдөйт: 0553 022 753;
• Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700 411905.


