Бишкекте мектептен тышкаркы кошумча билим берүүдөгү республикалык сынактардын жеңүүчүлөрү сыйланды





Бишкекте мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн программалык-усулдук иштелмелеринин республикалык сынагы жана мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарын өнүктүрүү программаларынын "Ийгиликке карай жол" аттуу республикалык кесиптик сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жеңүүчүлөргө диплом, компьютер, ноутбук жана принтерлерди билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев тапшырды.
Жалпысынан эки сынакта 17 мугалим жана 15 мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдары сыйлык алышты.
Калыстар тобунун чечими менен методикалык иштер боюнча конкурстун жеңүүчүлөрү төмөнкүлөр болду:
- Валентина Пенкина – Чүй райондук балдар чыгармачылык борбору;
- Наталья Кудинова – Ысык-Көл облустук балдар жана жаштар чыгармачылык борбору;
- Марзиха Мамаражапова – Чоң-Алай райондук балдардын чыгармачылык борбору;
- Рахат Жусупбекова – Кара-Көл шаарынын балдар чыгармачылык үйү;
- Марченко Елизавета – Токмок шаардык балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борбору;
- Айнур Мусина – "Балажан" борбору.
Экинчи орун:
- Жамила Мамасалиева – Сузак райондук балдардын чыгармачылык борбору;
- Бактыгүл Сакиева – Ала-Бука райондук балдардын чыгармачылык борбору;
- Аида Кыздарбекова – Аламүдүн балдардын чыгармачылык борбору;
- Баходир Ишанкулов – Лейлек райондук "Баластан" балдар чыгармачыл борбору;
- Айзат Орозакунова – Ак-Талаа райондук балдардын чыгармачылык борбору.
Үчүнчү орун:
- Эркингүл Ботоева – Түп райондук балдардын чыгармачылык борбору;
- Тимур Саламатов – Бишкектеги "Оле Лукойе" балдарды өнүктүрүү борбору;
- Динара Жолдошбай кызы – Жалал-Абад облустук балдардын чыгармачылык үйү;
- Гүлжан Мамбеталиева – "Таң нуру" Москва райондук балдар чыгармачыл борбору;
- Тамара Султанова – Араван райондук балдардын чыгармачылык борбору;
- Мээрим Сагынбаева – Талас облустук балдардын билим берүү борбору.
Мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарын өнүктүрүү программаларынын "Ийгиликке карай жол" аттуу республикалык кесиптик сынагы өткөрүлүп, жамааттык иштер сунушталды. Орундар төмөнкүдөй болду:
Биринчи орун:
* "Баластан" балдардын билим берүү борбору, Талас шаары, Талас облусу;
* Баткен облусунун Лейлек райондук "Баластан" балдар чыгармачылык борбору;
* Чүй облусунун Токмок шаарындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борбору;
* Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук балдарга билим берүү борбору.
Экинчи орун:
* Жалал-Абад шаарындагы "Ариет" балдардын чыгармачылык борбору жана Балдардын экология, край таануу, туризм жана техникалык чыгармачылык борбору Майлуу-Суу шаары, Жалал-Абад облусу;
* Ош облусунун Кара-Кулжа атындагы балдардын чыгармачылык борбору;
* Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы балдардын билим берүү борбору;
* Ош шаарындагы "Келечек" балдардын чыгармачылык борбору;
* Ысык-Көл облусунун Кара-Кол шаарындагы балдардын билим берүү борбору.
Үчүнчү орун:
* Нарын облустук балдардын билим берүү борбору;
* Жалал-Абад облустук балдардын чыгармачылык үйү;
* Нарын облусунун Ат-Башын райондук балдардын билим берүү борбору.
Белгилей кетсек, сынак 2020-жылдын 1-октябрынан 2021-жылдын 15-февралына чейин өткөрүлдү.


