super.kg logo

Талас ОИИБинин жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучу Марлис Асанов облустун ички иштер бөлүмдөрүн кыдырып чыкты

 
Талас ОИИБинин жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучу Марлис Асанов Талас облусунун райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүн толук кыдырып чыкты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Бөлүмдөрдө өздүк курам иштөө шарттары, материалдык-техникалык абалы, кызматкерлердин абалы менен жеринен таанышып келди. Ар бир бөлүмдүн жайгашкан жерине жараша көйгөйүн, кемчиликтерин жетекчилиги менен биргеликте талкууга алынды.
Өздүк курамга кылмыштын бетин ачуу багытында, мал уурулук, өспүрүмдөр арасындагы болуп жаткан терс көрүнүштөр боюнча бир нече сунуштарды айтып, аларды аткарууга мүмкүн болгон күч-аракеттерди жумшоону айтты.
"Жарандардын укугун коргоодо жоопкерчиликти сезе билүү маанилүү, себеби милицияга ар бир адам көйгөйү, арыз муңу менен, керек болсо көз жашы менен келет. Кандай гана кайрылуу болбосун ар бирине кылдаттык менен мамиле жасап, маселени объективдүү карап чечилишине ыкчам аракеттер жүргүзүлсүн”, - деди Асанов.
Жаңы жетекчи бир апта ичинде Казакстан Республикасы менен чектеш жайгашкан Манас районунан баштап Талас районунун Чат-Базар айылдык милиция бөлүмчөсүнө чейин толугу менен кыдырып таанышып чыкты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: