super.kg logo

Абайлагыла! Орусияда курьер кызматында иштеген Кыргыз жарандары баңгизатты мыйзамсыз ташууга көмөктөш болуп калууда

 

Акыркы күндөрү Орусияда мекендештерибиз «курьер» кызматында иштеп, баңгизатын мыйзамсыз ташууга көмөктөш болуп калган учурлар көп катталууда. Кыргыз Республикасынын ИИМинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Орусиянын аймагында эмгектенип жүргөн мекендештерге кеңеш берет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзамсыз буюмдарды ташууда: буюртма берүүчү тараптын буйругу менен белгиленген жерден мыйзамсыз заттарды алып, белгисиз кабыл алуучуга, тактап айтканда, жашыруун жайларга коюп кетүү болуп саналат. Бул кызмат “Телеграм” жана “Hydro” сайты аркылуу жүргүзүлөт.

Ал эми офицалдуу курьерлик кызмат: жумуш берүүчүдөн буюмду алып, белгилүү кабыл алуучуга жеткирип берүү болуп саналат жана бул кызмат тиркеме аркылуу ачык-айкын жүргүзүлөт.

Тилекке каршы, биздин кээ бир мекендештер оңой жана тез аранын ичинде чоң акча табууну көздөп мыйзамсыз заттарды, буюмдарды ташып жатышат.

"Курьерлик кызматка жамынып, баңгизатын мыйзамсыз жеткирүү менен алектенген жарандар!
Бул кооптуу ишти бир же эки жолу аткарып "мени кармаса, мен курьермин деп кутулам же мени эч ким байкабаса, иштин жагдайларын билбесе кайра аткарсам болот" деген кыска түшүнүктөн алыс болуш керек. Себеби алыста үмүт артып, жол карап күткөн ата-эненин, бир туугандардын көз жашы да жардам бере албайт, ал эми бул кылмыш үчүн Орусия Федерациясынын мыйзамдарынын негизинде 20 жылга чейинки эркинен ажыратуу жазасы каралган. Мыйзамсыз жана өмүрүңүз үчүн кооптуу ишти жасаардан мурда терең ойлонуңуз, урматтуу мекендеш", - деп кайрылат өкүлчүлүктөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
27.02.2021. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кудай сактасын
27.02.2021. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кудай сактасын, оной акчага азгырылбаныздар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: