super.kg logo

Караколдо милициянын кызматкерлери көчөдө тоӊуп калган адамды сактап калышты

 

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туристтик милициянын кызматкерлери тоӊуп калган адамдын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

26-февраль күнү болжол менен саат 10:30 чамаларында Ысык-Көл ОИИБинин туристтик милициясынын кызматкерлери, бекитилип берген багытында кызмат өтөп жатышкан. Каракол шаарынын эс алуу багынан өтүп бара жаткан учурда алардын көӊүлү отургучта жаткан эркек адамга бурулат. Сырттагы абанын температурасы төмөн болуп, муздак шамал согуп турган. Ал эми жаткан адамдын кийимдери кыроо басып калганын көргөн милиция кызматкерлери жардамга муктаждыгын билишкен.

"Жаран көп убакыттан бери жатып тоңуп калгандыктан араң сүйлөп, манжаларын кыймылдатууга күчү жетпей калган. Ысык-Көл ОИИБинин туристтик взводунун инспекторлору Эламан Сагынбаев менен Берик Китатов жана Нурзада Иманбаевалар тоӊуп калган адамга биринчи жардам көрсөтүшүп, "Тез жардам" кызматын чакырышкан. "Тез жардам" кызматы келгиче милиция кызматкерлери ага ысык чай берип, анын денесин тез жылып кетүүгө аракет көрүшкөн. Ага дарыгерлер медициналык жардам көрсөтүп, милиция кызматкерлери менен бирге Кызыл жарым ай коомунун алдындагы жайга жеткиришкен", - деп билдирет басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: