super.kg logo

Бишкекте түзөтүү абактарына ири өлчөмдө баңгизатын ташып жүргөн жаран кармалды

 

Борбор калаанын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдө баңгизатын ташып жүргөн каналдын бетин ачышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер буга чейин белгисиз адамдар жашыруун түрдө унаа менен түзөтүү колонияларын айланып өтүмүш болуп, баңгизаттарын таркатып, жеткирип жаткандыгы жөнүндө маалымат алышкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Атайын тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда шектүү катары 1999-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалган. Анда Daewoo Matiz унаасын текшерүү учурунда багажынан ак баштык табылган. Анын ичинде жыты бар зат менен толтурулган скотч менен оролгон 20 даана брикет болгон. Таразага тартылганда алынган заттын жалпы салмагы 9 килограмм 300 граммды түзгөн. Кармалган баңгизаты марихуана экени аныкталган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда башка дагы кылмышка шектүүлөрдү аныктоо иш-чаралары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: