super.kg logo

Президенттик аппарат кадр саясаты жөнүндө жарлыкты ишке ашыруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

 

Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев президент Садыр Жапаровдун "Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Кеңешмеде прокуратура органдарына жана айрым укук коргоо органдарына кадрларды тандоо процессин өркүндөтүү маселелери каралды.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишиндеги коррупцияны жоюу жана каралып жаткан структураларга жана кадрлар резервине кабыл алуу үчүн жүрүп жаткан сынактык тандоонун бюрократиялык жана башка административдик жол-жоболорун азайтуу боюнча сунуштары талкууланды.

Ошондой эле мамлекеттик кадр саясатын мындан ары ишке ашыруу үчүн талапкерлерге талаптарды жогорулатуу менен катар мамлекеттик кызматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана кадрлардын кесиптик резервин түзүү боюнча мекемелердин өкүлдөрүнүн ой-пикирлери жана сунуштары угулду.

Жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: