super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловду кабыл алды

 
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-февралда Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууда Кыргыз-Өзбек мамлекеттердин ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду.
Президент Садыр Жапаров Кыргыз-Өзбек мамилелеринин жогорку деңгээлин жана 2020-жылы коронавирус пандемиясы маалында мамлекеттердин бири-бирине колдоо көрсөткөнүн белгиледи.
Мамлекет башчысы Кыргыз өлкөсү өз ара колдоого негизделген жана эки боордош элдин кызыкчылыктарын канааттандырган достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө бекем ниети бар экендигине өзгөчө токтолду.
Президент Садыр Жапаров өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу боюнча жагымдуу шарттарды түзүү үчүн биргеликте иш алып барууга даяр экендигин билдирип, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевге саламын жолдоду.
Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосунда жакшы база түзүлүп, эки тараптуу алакаларды тереңдетүү үчүн бардык керектүү инструменттер бар экенин белгиледи.
Ал тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде маселелердин бардык чөйрөсү туруктуу талкууланып жаткандыгын жана сүйлөшүүлөр өз ара ишенимдин негизинде, эки өлкөнүн бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө өзбек тарап Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзийоевдин “Борбордук жана Түштүк Азия: аймактык өз ара байланыш. Кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр” деген аталыштагы жогорку деңгээлде өтө турган эл аралык конференцияга чакыруусун жеткирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: