super.kg logo

Араван районунда ишкердин көп суммадагы акчасын уурдап кеткен шектүү кармалды

 

Ош облусунун Араван районунда ишкерди тоноп кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

26-февраль күнү Араван районунун тургунунун Анаров айыл аймагында жайгашкан авиакаттамдарга билет сатуучу иш бөлмөсүнөн белгисиз атуулдар 480 миң сомун, 25 миң рубль жана 6 даана паспорт уурдап кетишкенин айтып Араван РИИБине кайрылган. Бул окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иши катталып, тергөө амалдары башталган.

Араван РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Кара-Суу районунун Шарк айылынын тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон 54 жаштагы А.Т. аттуу жаран кармалган. Ал жактоочусунун катышуусунда өз көрсөтмөсүн берип, уурулук жасагандыгын билдирип, 6 даана паспортту тергөө кызматына өткөрүп берген. Ал уурдалган акча каражаттарын үйүнө катып койгонун билдирип, тинтүү иштеринде 300 миң сом табылып, тергөө кызматына өткөрүлгөн. Шектүүнүн айтуусу боюнча ал акчаны эч жакка коротпогонун жана уурдаган учурда ушул гана сумма болгондугун айткан.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: