Баткен облусунда айыл чарба жарманкелери уюштурулууда





Баткен облусунда айыл чарба жарманкелери уюштурулууда. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу, базар бааларын турукташтыруу, турмуш-тиричиликке зарыл болгон негизги азык-түлүк продукцияларын калкка арзан баада алуусуна шарт түзүү максатында Баткен облусунун район, шаарларында айыл чарба жарманкелери уюштурулууда.
Мындай жарманке Кызыл-Кыя шаарында өтүп, анда дыйкан фермерлер, айыл чарба кооперативдери, айыл чарба продукцияларын кайра иштеткен ишканалар өндүргөн продукцияларын базар баасынан арзан баада элге тартуулашты. Алдыда айыл чарба жарманкелери март айы ичинде жума сайын жер-жерлерде уюштурулат.
2021-жылдын 5-март күнү облустун борбору Баткен шаарында болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:24
2025-08-05
16:9
2025-08-05

15:58
2025-08-05

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.