Бишкекте адашып калган карыяны кайгуул кызматы таап, үйүнө жеткирип беришти
Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн жаранды таап, үйүнө жеткиришти. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-февраль күнү болжол менен саат 18:30 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына Телман көчөсүндө карыя жоголду деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке барган кызматкерлер 1952-жылы туулган У.В. аттуу жаран карылыктан улам эске тутуусу начарлап, адашып кетип изделип жаткандыгын билишкен.
Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, көп узабай 1952-жылы туулган У.В. аттуу жаранды табышып, туугандарына сак-саламат жеткирип беришкен.
Өз кезегинде туугандары милициянын кайгуул кызматынын ыкчам аракетине ыраазычылыгын билдирген.


