super.kg logo

Өзгөндө оор жүк ташыган унаа менен Жигули сүзүшүп, 19 жана 20 жаштагы балдар каза болду (фото)

 

Ош облусунун Өзгөн районунда жеңил унаа менен оор жүк ташыган унаа сүзүшүп, 19 жана 20 жаштагы балдар каза болду. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-февраль күнү саат 19:45 чамасында 57 жаштагы айдоочу Вольво FH-12 унаасын Бишкекти көздөй башкарып бара жаткан. Өзгөн районунун Мырза-Арык жана Куршаб айылынын ортосуна жеткенде Ошко карай бара жаткан ВАЗ 21-07 унаасы карама-каршы тилкеге чыгып, жол кырсыгы орун алган.

Жигули унаасын 20 жаштагы бала башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаада жүргүнчү катары бара жатышкан 19 жаштагы жана 1999-жылы туулган жүргүнчүлөр Өзгөн аймактык ооруканасына жеткирилген.

Ооруканада Жигулинин айдоочусу менен 19 жаштагы бала алган жаракаттарынын негизинде каза болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.02.2021. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаман болуптур жаш балдар экен жаткан жери жайлуу болсун, оо ата энелер балдарарынарды жакшы корсонор права сатып бербегиле,кун сайын кулактарына куюп жургуло жол эрежесин бузсан озун эле эмес башка куноосу жок бироону олтуросун деп.
28.02.2021. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жон эле встречныйга атасынын жолундай чыгышат ээ олгунор келип жатса башка жолу деле бар, айрыкча степ айдагандар силерге эмне машина алганынарда жолдун ортосу силердин жолунар деп айтпайбы случайно?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: