Депутат Мирлан Бакиров Райымбек Матраимовду колдоо митингинде массалык маалымат каражаттарынан маалыматтарды калыс чагылдырууну суранды




Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Ош шаарында өткөн Райымбек Матраимовду колдоо митингинде массалык маалымат каражаттарынан маалыматтарды калыс чагылдырууну суранып өттү.
"Калыстык үчүн айтып коёюн, биз укуктук мамлекетте жашайбыз. Кыргыз элинин ар бир жараны пикирин айтууга баш мыйзам боюнча акылуу. Бардык жерде калыс болуш керек. Массалык маалымат каражаттары жазсын, бирок туура маалымат жазсын. Бурмаланган маалыматтар айтылып келди, депутаттык комиссия бул ишти 7 ай иликтеп, бирок 7 тыйын дагы тапкан жок. Ал жерде мамлекеттик органдар дагы катышты. Улуттук банктын төрагасына суроо бергенимде ал акчалар ишкерлердин товар алууга жөнөткөн акчалары деп айтты.
Урматтуу туугандар, калыстыкты акыйкаттыкты, тергөөнүн жана соттун адилеттүү болушун каалайбыз. Мына ушул биздин сөзүбүз", - деди Бакиров.



Жалан "дежурлар"..