Кара-Сууда милиция кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүштү





Ош облусунун Кара-Суу районунда өткөн “Бирдиктүү алдын алуу күнү” иш-чарасы учурунда милиция кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө Сарай айыл аймагында жайгашкан билим берүү мекемелеринин окуучуларынын ата-энелери менен жогорудагы кызмат өкүлдөрү жолугушууларды өткөрүштү.
Ошондой эле жогорку класстарга укук бузуучулуктун, кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун, опузалап талап кылуу, мектеп рекетчилиги, топтошуп мушташуулардын алдын алуу максатында аңгемелешүүлөр окуучулар арасында кеңири жеткирилди.
Кара-Суу РИИБинин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жана ошол эле кызматтын кызматкери Эсен Сапаров Сарай айыл аймагынын жашоочуларынан демөөрчүлөрдү таап, турмуш-шарттары оор үй-бүлөлөрдү алдын ала тактап, 37 жашы жете элек өспүрүмдөрдүн үй-бүлөсүнө азык-түлүктөр жана акчалай жардамдар көрсөтүлдү.


