Интернет жылдызы Бекболот Садыр Жапаровго жолукту (сүрөт)




"Ысык-Көлдүн Балбай айылына эки кабат мектеп салып бериңиз" деп президент Садыр Жапаровго кайрылган Бекболот өлкө башчыга жолукту. Бул тууралуу сүрөттөр социалдык тармактарга тарады.
Сүрөттө көрүнгөндөй Бекболот менен Садыр Жапаров стол үстүндө баарлашып отурушкан. Алардын качан жолукканы азырынча белгисиз.
Буга чейин Бекболот президент менен жолугушат деген маалымат социалдык тармактарга тараган. Кийинчерээк өлкө башчы Орусияга болгон иш сапарынын алдында обочолонуу режиминде болуп, Бекболотту Орусиядан келгенден кийин кабыл алары белгилүү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:9
2025-08-05

15:58
2025-08-05

Рейтинг:
3

Эртен дагы бироо ушундай роликтерди тарта берет. Баарын пияр кыла береби. Мындай нерсени
майрам убагында баардыгын чогултуп бир белек кылып койсо болот.