super.kg logo

Мьянмада аскердик бийлик менен демонстранттардын кагылышуусунан кеминде 18 адам каза болду

 

Мьянманын бир нече шаарында аскердик бийлик менен демонстранттардын кагылышуусунан кеминде 18 адам каза болуп, 30дай адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Коопсуздук күчтөрү нааразычылык акцияларын таркатып жатканда Янгон, Тавой, Пегу, Мандалай сыяктуу бир нече шаарда адамдарды алгач желим ок, кийинчерээк кадимки ок менен аткан. Кырдаалдын курчушуна карабастан Мьянманын көптөгөн аймактарында демонстрациялар дагы деле уланууда.

Каза болгондордун арасында медицина кызматкерлери да бар. Жабырлануучулардын көбү резина октон жаракат алышкан.

Мьянмадагы саясий туткундарга жардам берүү ассоциациясынын маалыматы боюнча, аскер бийлиги орногондон бери өлкөдө 854 адам кармалган. Алардын 771и дагы деле камакта, төртөө түрмөгө кесилген.

Эске салсак, демонстранттар армияны бийликти демократиялык жол менен шайланган өкмөткө кайтарып берүүнү, 2020-жылы 8-ноябрда шайланган парламенттин биринчи сессиясын чакырууну жана камакка алынган лидерлерди токтоосуз бошотууну талап кылышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: