super.kg logo
  Саясат  

Аида Исмаилова карантинде салондо жүрөт деген сүрөт боюнча: "Аялмын да, салонго барам"

 

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова конокто болду. Ал үй-бүлө, саясат, бала кези жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берди. Анда ага "Социалдык тармакта карантин убагында сулуулук салонунда жүрөт деген сынга кабылдыңыз. Өзүңүз дагы окусаңыз керек" деген суроо узатылды.

"Биз 24 саат бою иштеп жаттык. Ал оор убакыт болду. Бул кимдир-бирөөлөрдүн кызыкчылыгы болуш керек. Мени ушундай жаманатты кылып чыгарганга. Мага жакшы эле айтып жатышты. Массалык маалымат каражаттарына маалымат берип кой деп. Мен ал убакытта эч бир социалдык тармакка кире алган жокмун, жаза алган жокмун. Ишибиз аябай көп болду. Адамдын иши иш менен бааланат.

Ал адамдын кийими дагы, чачы дагы башка экен. Бирок мен аял кишимин да, сөзсүз бир салонго барам. Так ошол салон мен барган сулуулук салону болуп калды, же ошого байланыштуу маалымат кеттиби билбейм", - деди Исмаилова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: