super.kg logo
  Саясат  

Аида Исмаилова үй-бүлөсү тууралуу: "8 жыл сүйлөшүп турмуш курган адам менен 19 жылдан бери чогуубуз"

 

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова конокто болду. Эл өкүлүнүн үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтар дээрлик жокко эсе. Бул долбоордо ал үй-бүлөсү тууралуу айтып берди.

"Жолдошум менен 8 жыл сүйлөшүп, анан баш кошконбуз. Эки балабыз бар. Улуу кызым 18де, балам 15 жашка чыкты. Кайненем менен бирге жашайбыз. Ошого менде кыйынчылык деле болбойт. Апабыз түшүнүктүү, жакшы адам. Ага ыраазымын.

Ал эми өзүмдүн атам өмүр бою билим берүү тармагында иштеген. 2014-жылы каза болуп калды. Биз үйдө 5 бир тууганбыз. Эки иним, бир эжем, бир сиңдим бар. Баарыбыз үйлөнүп, жайланганбыз.

Мен мектепти бүтөр жылы "Эрсай" тобунда ырдагам. Азыр деле кээде ырдап калам. Ал эми жолдошум мени колдойт, ал аябай жакшы адам. 19 жылдан бери чогуу жашайт экенбиз, бул көп убакыт, бири-бирибизди жакшы түшүнүп калдык. Ал мени колдойт. Кээде ойлоп калам, ошол үчүн ушул деңгээлге келдим деп", - дейт Исмаилова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: