super.kg logo

Өлкө аймактарында кыска мөөнөттүү 500 бала бакча ачылат

 

Өлкө аймактарында кыска мөөнөттүү 500 бала бакча ачылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, мындай бала бакчаларда балдар 3 саат гана болушат. Балдарга өнүктүрүү, окутуу, тарбия берүү кызматтары гана көрсөтүлүп, тамак берүү, уктоо каралган эмес.

"Мектепке чейинки билим берүүнүн бул форматы экономикалык жактан пайдалуу жана аз каражат керектейт. Долбоордун алкагында ар бир бакчада балдар үчүн санитардык-гигиеналык шарттар түзүлөт, окутуу, өнүктүрүү куралдары менен камсыздалат.

Кыска мөөнөттүү бакчаларды мектепке чейинки билим берүү программалары менен камтуу аз болгон алыскы жана тоолуу аймактар, чек ара айылдары, ошондой эле этникалык азчылык өкүлдөрү жашаган райондордо ачуу мерчемделген.

Учурда жергиликтүү бийликтен өтүнмөлөрдү кабыл алуу жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында ишке ашат.

"Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун максаты - балдарды мектепке даярдоо, мектепке чейинки жана орто мектеп мугалимдеринин эффективдүүлүгүн жогорулатуу. Аталган долбоордун алкагында 700 тарбиячы окутуудан өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: