super.kg logo

Бишкекте бир апта ичинде жол эрежесин бузган 363 чет өлкөлүк унаа аныкталды

 

Бишкекте бир аптанын ичинде жол эрежесин бузган 363 чет өлкөлүк унаа аныкталды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-февралдан 25-февралга чейинки аралыкта каттоо мөөнөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү 363 унаа аныкталды.

"Алардын ичинен 62 - Орусияныкы, 8 - Арменияныкы, 9 - Азербайжандыкы, 263 - транзиттик номер, 21 башка чет өлкөлүк номерлүү унаа. Булардын баарына бузуулар тууралуу кодексинин беренелеринин негизинде тиешелүү протоколдор толтурулду. Анын ичинен 10 чет өлкөлүк унаа ар кандай багытта жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу токтотуучу короо жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле Коопсуз шаар долбоорунун алкагында коюлган видео көзөмөлдөрдөн жашынып же видео көзөмөл жазбайт деген түшүнүк менен жогорку ылдамдыкта айдаган айдоочуларга карата текшерүү жана чара көрүү иштерин улантарын кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: