super.kg logo

850 миң сомго алдап кеткен. Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды

 

Бишкек шаарында ири алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган адам борбордун эки тургунун жалпы 850 миң сомго алдап кеткен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "алдамчылык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Шектүүгө карата милицияга эки арыз келип түшкөн. Алардын биринде жабырлануучу 2020-жылдын 13-сентябрында арыз ээсинин 300 миң сомдук Мазда 626 үлгүсүндөгү унаасын алып, 2 ай ичинде акчасын берем деп алдап, из жашырып качып кеткен. Ал эми башка жаранды дагы дал ушундай жол менен алдап, убадасын аткарбай 550 миң сомун ээлеп алган. Издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Учурда ал СИЗО-1ге бир айга камалган", - деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери жогорудагы шектүүдөн жапа чеккендер болсо, төмөнкү номерлерге кайрылууну өтүнөт: 0312352605, 0312352947, 0551102197, 0500166133 жана 102.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: