super.kg logo

Мал ээлерине 6 миллион сомдон ашык чыгым келтирилген. Ысык-Көлдө бир жыл ичинде 312 баш мал уурдалган

 

Ысык-Көл облусунда бир жыл аралыгында мал уурулук менен байланышкан 120 иш болгон. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын аралыгында Ысык-Көл ОИИБинин тергөө кызматынын өндүрүшүндө бардыгы болуп мал уурулук менен байланышкан 120 иш болгон. Кылмыштын бул түрүнүн кесепетинен мал ээлерине 6 миллион 610 миӊ сомду түзгөн материалдык чыгым келтирилген.

"Өткөн жыл ичинде облустун аймагында 312 баш мал уурдалган, анын ичинен 77 баш бодо мал, 184 баш кой жана 51 баш жылкы түзөт. Көрүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында мал уурулуктун 56 учурунун бети ачылып, 3 миллион 201 миӊ сомду түзгөн уурдалган мал ээлерине кайтарылып берилди.

2021-жылдын биринчи айында эле Ысык-Көл облусунда мал уурулуктун 51 фактысы катталды. Буга байланыштуу милиция кызматкерлери аймакта мал уурулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларын баштады. Дем алыш күндөрү Каракол шаарындагы мал базарында рейддик иштер өткөрүлдү. Рейддин жүрүшүндө малдын идентификациялык ээндери, коюлган тамгалары жана тиешелүү документтери текшерилди", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: