super.kg logo
  Саясат  

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик иш сапары менен Казакстанга кетти. Делегациясынын курамы

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта мамлекеттик иш сапары менен Казакстан Республикасына кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Нур-Султан шаарында президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара алакалардын келечегин талкуулайт.

Ошондой эле мамлекет башчысы Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, парламенттин мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушат.

Ошол эле учурда мамлекеттик сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалган.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы:

— Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Вице-премьер-министр — экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков;

— Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев;

— Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Жээнбек Кулубаев;

— Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев;

— Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков;

— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;

— Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;

— Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев;

— Энергетика жана өнөржай министри Кубанычбек Турдубаев;

— Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмамбет Шыкмаматов;

— Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Мырзабек Жыпаркулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: