super.kg logo

Клипке тартылууга ылайыктуу каармандарды 2 ай издеп... Аваз Акимовдун "Сагынамын" клибинин баяны

 

SUPER.KG cайтынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү ыр, клиптерди сунуштап баяндоону улантабыз. Бул ирет Аваз Акимовдун "Сагынамын" клиби тууралуу кеп кылабыз.

Башында клипке ылайыктуу кыз-жигит издеп эки ай убара тартышып, акыры өзүнүн досу менен анын сүйлөшкөн кызына токтолушкан. Клиптин сюжети кыз менен жигиттин махабатынын аянычтуу аякталышы жөнүндө.

"Кыз-жигит велосипед тээп бийик жерден ылдый карай түшүп бараткан жерин тартышканда кырсык болот. Велосипед жүрүп баратып тормозу иштебей, кыз токтотууга аракеттенет. Бирок буту бир нерсеге илинип кетип башы менен катуу жерге түшкөн. Башы менен жерге кулап, колдору сыйрылып кеткен каарманыбыз эми тартылбай коёт го деп чочулап жаткам. Бирок аягына чейин көңүлдөнүп ойноп берди.

Дагы бир кызык жери кыз жөтөлгөндө жүз аарчысы кан болгон жерин тартуу болгон. Тартуучу топ шаардын четиндеги талаага чыгышкан, ал жакта ашыкча эч нерсе жок болчу. Канга окшош кызыл боёкту алып келем деп унутуп калгам. Күүгүм кирип, айласы кеткенде балдар колдорун шише менен кесип кан чыгарышкан. Ошентип эки айдын ичинде “Сагынамын” клиби тартылган", - деген ырчы.

Клипти көрүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: