super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Акыйкатсыздыктын айынан тиккен бактарым куурап калды" дейт окурман

 

"Акыйкатсыздыктын айынан тиккен бак куурап калды" деп SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө
окурман кайрылды.

Айтымында, ал жыйынтык болбогон соң, аргасыз "Элдик кабар" бөлүмүнө кайрылууга туура келгенин айтып, төмөнкүлөргө токтолду.

"Менин маселеме айыл чарба министри, укук коргоо органдары чара көрүп берсе жакшы болмок. Жакшы ниет менен бак тигип ушул абалга туш болдум. Сүрөттө көрүнүп тургандай, менин таанышымдын багы көктөп турат, ал эми меники какырап, куурап калды. Таанышымдын мени ал жерден сууруп чыгаруу планы бар окшойт деп күмөн кылам. Анткени менин жер аянтыма суу келбейт, аныкына суу келет, бул акыйкатсыздык.

Жер ошол таанышымдын атында. Башында жер айдаган документ жасаганга өзүм акча берип, эми кайра өзүм жабыр тартып отурам. 2017-жылы алынган жер. Жер аянтына алча эктим куурады, шабдалы эктим куурады, эмне экпейин баары куурап жатат.

2018-жылы жазда, анан күздө салык төлөдүм. Салык 1 жылда 1 эле жолу төлөнөт деп угуп жатам", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
02.03.2021. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
А эмне себептен куураганын айтпапсынарго, же эмне суу бербей койдумбу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: