super.kg logo

УКМК "Улан Узун" каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсүн кармады

 

УКМК "Улан Узун" каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсүн кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун ишин аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун таасирдүү мүчөлөрүнүн бири, кылмыш чөйрөсүндө "Улан Узун" деген ат менен белгилүү Улан Барчакеевге мыйзамсыз иш-аракеттеринин фактылары боюнча кылмыш ишин козгоду.

2021-жылдын 1-мартында Барчакеев Бишкек шаарынын аймагынан кармалып, анын катышуусунда тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына жеткирилди. УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Барчакеев тарабынан кылмыш иш-аракеттерин жасоо жагдайлары жана анын кылмышка байланыштуу иштери аныкталды.

Улан Барчакеев Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: