Баткен окуясында каза болгондордун жакындары коргоо министринен жардам сурашты
Бүгүн, 10-октябрда коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Баткен окуясында каза болгон аскер кызматкерлеринин жакындары менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. Министрден алар акысыз көмүр менен камсыз кылууну жана шаардагы коомдук унааларда жүрүүдө жеңилдик берүүнү суранышты. Өмүралиев алардын маселелерин мыйзам жолунда чечип берүүгө аракет кыларын айтты. Ошондой эле кийинки жылы аскер санаторийлерине эс алганга министрлик жеңилдик түзүп берерин убадалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

