Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев расмий жолугушту (фото)










Бүгүн, 2-мартта Нур-Султан шаарындагы президенттин "Ак ордо" сарайында өлкө башчы Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
"Мамлекет башчылары учурашкандан кийин Республикалык гвардиянын оркестри Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын мамлекеттик гимндерин аткарды.
Ардактуу кароолдун башчысынын рапортунан соң мамлекет башчылары Казакстан Республикасынын мамлекеттик туусуна келип, мамлекеттик символго башын ийишти", - деп жазылат билдирүүдө.
"Ак ордонун" фойесинде Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев сүрөткө түшүп, андан кийин мамлекет башчылары тар чөйрөдөгү сүйлөшүүгө киришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
6

