super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Жер салыгы жылына бир эле жолу төлөнөт

 

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө "Акыйкатсыздыктын айынан тиккен бактарым куурап калды. Менин жер аянтыма суу чыкпайт, кошунаныкына чыгат" деген окурман кайрылган.

Бул маселе тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги кайрылууларга кат аркылуу гана жооп берерин билдирди.

Ошондой эле окурман "2018-жылы жазда, анан күздө салык төлөдүм. Салык 1 жылда 1 эле жолу төлөнөт деп угуп жатам" деген.

Бул боюнча Мамлекеттик салык кызматына байланышып тактадык. Маалыматка ылайык, жер салыгы жыл сайын бир жолу жер тилкесинин кайсы аймакта, кандай багытта жана кайсы максатта колдонулуп жатканына карап белгиленет. Бирок жер иштетүүчүлөр кааласа эки же үч жолу бөлүп төлөсө болот.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.03.2021. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээ айланайындар бакты суу чыккан жерге эгет да.
02.03.2021. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Налогывыйлар кээде наглый болушат мендеда ушундай болгон Бир участокко эки жолу тологом мен жазында кузундода
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: