super.kg logo

"60 миллиард сом сыртка алып чыккан". УКМК Финполдун Бишкек шаары боюнча башчысын кармады

 

Коррупция фактысы боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Финполдун Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы К.Н. кечээ, 1-мартта кармалган.

"Аталган башкармалыктын кызматкерлери кызматтык абалынан пайдаланышып, жарандар менен сүйлөшүп алып, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана ири өлчөмдөгү каражаттарды Кыргыз өлкөсүнөн чыгарып кетүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкан.

Ушул мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында, 2020-жылдын март айынан октябрь айына чейин Кыргыз өлкөсүнөн 59 миллиард 500 миллион сом сыртка, ошол эле учурда салык төлөөдөн качуу түрүндөгү алдын ала зыян 500 миллион сомдон ашык болгон. Алынган маалыматка ылайык, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери аталган мыйзам бузууларды жашырганы үчүн аталган каналдын уюштуруучуларынан 180 миллион сом өлчөмүндө пара алышкан. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо үчүн тиешелүү тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(6)
02.03.2021. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргыз элинин ырыскысын ушул бок курсактар эле жеп салышыптырда,карызга батырышып. Эл чондорго ишенбей озун озу багып журушот,талаалап иштешип,мигрант болушуп. Балдарын кантип багып жатты экен ушул акча мн.
02.03.2021. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ай бети жоктор, чекесинен камагыла, өзү жүздөй адамды эле сыкса тышкы карызды төлөп койчудайбыз экен.
02.03.2021. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Коррупцияга каршы күрөш - саясий дагы, экономикалык дагы чөйрөдөгү негизги структуралык реформа. Анын ийгилиги болбосо, башка реформалар каалаган натыйжасын бербейт. Коррупцияга каршы ийгиликтүү күрөшүү үчүн зарыл шарттар - бул жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги, жарандык жана саясий уюмдардын ишмердүүлүгүнүн эркиндиги, саясий атаандаштык, таза шайлоо жана бийликтин алмашуусу, соттордун көзкарандысыздыгы, бийликти борбордон ажыратуу, ашыкча жөнгө салууну жоюу.
02.03.2021. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60 000 000 000 000 ушунча сомбу.
02.03.2021. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurmat8921,60 000 000 000 болот
03.03.2021. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул деле баякы схема менен чыгып кетет. Биринчи туугандары митинг кылат, жакшы адам бул деп. Ал болбосо ооруп калат, анан лечение деп больницама больница журуб, акыры уй камагына чыгат , анан болду баякы мамлекеттин казынасына салыш керек болгон 180 миллион сомго бир омур бактылуу жашайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: