super.kg logo
  Саясат  

Дал ушул күнү Садыр Жапаров... Бир жыл мурда абакта, бүгүн президент катары чет өлкөдө сапарда

 

Мындан туптуура бир жыл мурда, тагыраагы 2020-жылдын 2-мартында учурдагы президент Садыр Жапаров абакта жаткан. Анын абактан бошотулушун талап кылган тарапташтары "Ала-Тоо" аянтына чыгышкан.

Ошол эле күнү кечке жуук "Ала-Тоо" аянтындагы митингге келген катышуучуларына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери суу аткыч унааларды, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонуп, аянттан сүрүп чыгаруу аракетин көргөн. Анда мыйзам бузуулар орун алып, 166 адам укук коргоо органдары тарабынан кармалып, төртөө камакка алынганын Ички иштер министрлигинен билдиришкен.

Митинг учурунда жабыркагандар болуп, 24 милиция кызматкери денесинен ар кандай жаракаттарды алганы кабарланган. Баш аламандыктан кийин "Ала-Тоо" аянтынан 1 тонна таштанды чыгарылган.

Ал эми бүгүн, 2-мартта Садыр Жапаров коңшу Казакстан өлкөсүнө расмий иш сапары менен барып, эки тараптуу бир катар документтерге кол койду.

Садыр Жапаров өткөн жылдын 5-6-октябрындагы баш аламандыкта бошотулуп, ушул жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткен. 28-январда Садыр Жапаровдун инаугурациясы орун алып, расмий түрдө президенттик кызматка киришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: