super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы: "Мен дары-дармектерге болгон бааларды жеке көзөмөлүмдө калтырам"

 

"Кыргыз Республикасынын өкмөтү калкка дары-дармектерге жеткиликтүү бааларды жана жөнгө салуунун тийиштүү механизмин сунушташы керек", - деди премьер-министр Улукбек Марипов дары-дармектерге бааларды жөнгө салуу маселелерин талкуулаган жумушчу жыйындын жүрүшүндө.

Ал дары-дармектерге бааларды мамлекет тарабынан жөнгө салуунун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Коронавирустук инфекциянын пандемиясы учурунда дары-дармектерге болгон баа мурдагыдан да курч болуп турат. Жай мезгилинде дары-дармектердин баалары кескин жана негизсиз көтөрүлүп кеткендигине бардыгыбыз күбө болдук. Бүгүнкү күндө дары-дармектердин айрым түрлөрүнө баалардын өсүшү дагы байкалууда. Биз калкка, айрыкча, социалдык жактан аярлуу категориядагы жарандар үчүн дары-дармектерге жеткиликтүү бааларды камсыз кылышыбыз керек. Өтө маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген жана КНСтен бошотулган дары-дармектерди өзгөчө белгилеп кетким келет. Салыктык жеңилдиктерге карабастан, айрым дары-дармектердин наркы өндүрүш ишканаларынын сатуу бааларына салыштырмалуу бир нече эсе көтөрүлүп кетти. Бул жагдай бизге түп-тамырынан ылайык келбейт, ошондуктан тизмени концептуалдык түрдө карап чыгуу, ошондой эле баа саясатын талдоо керек", - деди Улукбек Марипов.

Премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга бир аптанын ичинде дары-дармектердин бааларын көзөмөлдөө механизмдери боюнча сунуштарды киргизүүнү, ошондой эле дарылардын баалар саясаты боюнча дарыкана тармактарынын өкүлдөрү менен иштөөнү тапшырды.

Өкмөт башчысы ошондой эле Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин санариптештирүү процесстерин дары-дармек менен камсыздоо жаатында активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

"Мен дары-дармектерге болгон бааларды жеке көзөмөлүмдө калтырам" деп жыйынтыктады ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: