super.kg logo
  Спорт  

Абдурахманхаджи Муртазалиевге "Эмгек сиңирген спорт чебери" наамы ыйгарылды

 

Абдурахманхаджи Муртазалиевге “Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген спорт чебери” наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

"Жогорку даражадагы спортчулардын даярдыгы, спортчуларды тарбиялоо ишиндеги баа жетпес эмгеги жана спортту өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн “Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген машыктыруучусу” спорттук наамы таэквон-до ИТФ боюнча машыктыруучу Виталий Олейниченкого жана эркин күрөш боюнча машыктыруучу Нурлат Такировго ыйгарылды", - деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле ири мелдештерде, Азия оюндарында, Дүйнө чемпиондуктарында ийгиликтүү көрсөткүчтөрү үчүн “Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген спорт чебери” спорттук наамы жиу-житсу боюнча спортчу Абдурахманхаджи Муртазалиевге ыйгарылган.

Белгилей кетсек, тиешелүү чечим “2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бирдиктүү спорттук классификациясынын” талаптарына ылайык кабыл алынган.

Абдурахманхаджи Муртазалиев 2019-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн грепплинг боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медалга ээ болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: