super.kg logo

Дары-дармек жеткиребиз деп 90 миң долларын ээлеп алышкан. Бишкекте алдамчылыкка шектүү жарандар кармалды

 

Бишкекте дары алып келип берем деп алдамчылык менен алектенгенге шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-декабрь күнү Октябрь РИИБине Б.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 2019-жылдын август айында Ш.М. жана М.Р. аттуулар 7-кичи районунда жайгашкан кеңседе арыз ээсинин ишенимине кирип, биргелешкен ишкердикти баштоо жана дары-дармектерди жеткирүү убадасы менен 90 миң доллар каражатын ээлеп алып, убадасын аткарбай из жашырып качып кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү рестрине 204-берене "алдамчылык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнүн изине түшүп, 1980-жылы туулган Ш.Н. аттуу жаранды Бишкек шаарынын аймагынан жана экинчи шектүү 1984-жылы туулган М.Р.ны Жалал-Абад облусунун аймагынан кармашкан. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.03.2021. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Без лоха жизнь плоха демекчи, кантип ушундайларга ишенишет дейм да келесоолор десе.
02.03.2021. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Не то что 90 мен миңин карматмак эмесмин без залога.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: