Кримтөбөл Камчы Көлбаев эркиндикке чыкты

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде эркиндикке чыккан. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарган.
Буга чейин Көлбаевдин камактагы мөөнөтү №47 түзөтүү колониясында 22-мартка чейин узартылган. Тагыраагы, 17-февралда кабыл алынган.
Эске салсак, крим авторитет Камчы Көлбаев 2020-жылдын 22-октябрында кармалган. Ал 23-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө амалдары жүрүп жаткан учурда УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.
Ага карата "кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кийин 2-ноябрда №47 абакка которулган.


умут деле очуп калды чынында
Бул жерде анык коррупция. Коррупция жарандардын бийлике болгон ишенимин төмөндөтөт. Биз коррупционерлерди, криминалды жоопко тартуу маселесин коррупционерлер өзүлөрү чечкен системада иштейбиз. Мындай учурда эл бийликтин акыйкат ишин корбойт окшойт.
Иии ары жок. Ак уйдун башына жашынып алып, снайпер менен элди кырганы тарыхта калды го.
Кыргызстан не изменится никогда!!!