super.kg logo
  Саясат  

ЖККУнун башкы катчысы: "Ооганстанда мүмкүн болчу терс окуяларга даярданып жатабыз"

 

«Биз үчүн кошуна мамлекеттеги туруктуулук жана ынтымак мааниге ээ»,- деди бүгүн Бишкекте Ооганстан боюнча өтүп жаткан эл аралык конференцияда ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа. «Баары Ооганстандагы абалды татаал деп айтышат. ЖККУ да бул өлкөдө болуп жаткан процесстерге олуттуу карап жатат. Биз Ооганстанда мүмкүн болуучу терс окуялардын баарына даярдык көрүүдөбүз. Изилдөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Аймактык коопсуздук үчүн Тажикстандын чек арасын бекемдөө боюнча да чечим кабыл алдык»,- деди ал. Бүгүнкү конференцияда 2014-жылы Ооганстандан коопсуздукту камсыздоо боюнча эл аралык күчтөр чыгарылгандан кийинки Борбор Азия мамлекеттерине тийгизүүчү коркунчутар боюнча талкуу болууда. Ага ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа, БУУнун атайын өкүлү Мирослав Енча баштаган эл аралык жана аймактык уюмдардын өкүлдөрү, чет элдик жана жергиликтүү эксперттер катышып жатат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: