super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга барды. Жаныбек Абиров кызматын убактылуу токтотту. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде

 
Бүгүн, 2-март, күнгө шейшемби. Саясий окуялардан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун сунуш кылат.
Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга барды
Бүгүн, 2-мартта президент Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен барды. Садыр Жапаров алгач Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен расмий жолугушту. Иш сапардын алкагында Кыргыз-Казак эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.
"Кыргыз делегациясы Казакстандын жогорку жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанды. Сүйлөшүүлөр кызматташтыгыбыздын ырааттуу мүнөздө өнүгөрүн белгилейт", - деди Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.
Президент Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевдин салмактуу ички жана тышкы саясатынын натыйжасында Казакстан эл аралык аренада алдыңкы орундарды ээлеп тургандыгын айтып, ага чоң кадыр-баркка ээ мамлекеттик ишмер катары урматтоосун билдирди.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы кызматын убактылуу токтотту

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров кызматын убактылуу токтотту. Ал социалдык тармактагы баракчасында жергиликтүү кеңешке шайлоого катышарын, ошондуктан убактылуу кызматын токтотконун билдирген. Мыйзамга ылайык, шайлоого 40 күн калганда кызматын токтотуу зарыл.

Жаныбек Абиров "Эмгек" партиясы менен жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катышат.

Жергиликтүү кеңештерде шайлоо 11-апрелде 448 жергиликтүү кеңеште өтөт.

Референдумду жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен биргеликте өткөрүү сунушталды

Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында Конституциянын жаңы долбоору каралды.

Анда долбоордун демилгечилеринин бири Бактыбек Турускулов референдумду жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен биргеликте өткөрүүнү сунуштады.

"Конституциялык кеңешменин отурумунда журналисттер катышып отурду. Онлайн режиминде түз эфирде көрсөтүлдү. Бюджеттин чектелүү экенин эске алып, референдумду өткөрүү күнү 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган. Жергиликтүү кеңештердеги шайлоо күнү менен бирге бириктирүү сунушталат. Бул мыйзам долбоору менен Кыргыз мамлекетинин бардык аймагында 11-апрелде өткөрүү бекитилген", - дейт ал.

Комитет Конституциянын долбоорун Жогорку Кенештин кароосуна жөнөттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: