super.kg logo
  Спорт  

Дүйнөлүк спорт: Бокс боюнча Дүйнөнүн мурдагы чемпиону Леннокс Льюис Владимир Кличко менен беттешүүгө даяр

 

5-октябрь күнү Москвада өткөн Владимир Кличко менен Александр Поветкиндин беттешине конок катары келген бокс боюнча Дүйнөнүн мурдагы чемпиону, британиялык Леннокс Льюис британиялык басылмаларга берген маегинде Владимир Кличко менен беттешүүгө даяр экенин айткан. Айтымында, Поветкин-Кличко беттеши учурунда Леннокс Льюиске Владимир Кличко менен беттешүү үчүн 50 миллион доллар гонорар сунушталган. Бирок Льюис эгер аталган сумма эки эсеге көбөйтүлсө, Владимир Кличко менен беттешүү үчүн 2014-жылдын жаз айларында рингге кайтып келүүгө даяр экенинин айткан. Ошондой эле Льюис 48 жашында өзүнө Дүйнө чемпиону наамын кайтарып алган америкалык Жорж Формандын жетишкендигин кайталоого алы жетерин кошумчалаган. Ал эми Кличко-Поветкин беттеши жөнүндө: “Владимир Кличко нагыз чемпион катары беттеш өткөргөн жок. Чемпиондор беттешти акырына чыгарбоого аракет кылат”,- дейт Леннокс Льюис. Эгер беттеш орун алып, Леннокс Льюис беттеште 50 миллион доллар гонорар алса, ал бокс тарыхындагы эң ири гонорар болмокчу. Азырынча эң көп гонорардын ээси америкалык Флойд Мейуэзер болуп келет. Ал ушул жылдын сентябрь айындагы мексикалык Сауль Альварес менен болгон беттеши үчүн 41,5 миллион доллар гонорар алган. Эске салсак, Леннокс Льюис акыркы жолу рингге 2003-жылы Виталий Кличкого каршы чыгып, жеңишке жеткен. 2004-жылы карьерасын жыйынтыктоо тууралуу чечим чыгарган.     






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.10.2013. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
люис - виталий кличко беттешинде льюиске дарыгерлер, судьялар комоктошуп анан женишке жеткен. акчасы тугонуп баратса керек да, кайра боксту ойлоп калыптыр, бирок владимир аны тез эле жыга чабат, менин оюма кобунор эле кошулсанар керек
11.10.2013. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ankel, albette sebebi kli4ko jon jerden u4urdun tendewkis muwkeri emesta
10.10.2013. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Владимир женет, эгер Льюис созундо туруп беттешке чыкса. Ал эми Виталий м.н болгон беттешинде судьялар наглый эле Льюиске тартып коюшкан!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: