super.kg logo

Швецияда дарыгерлер жаңы төрөлгөн ымыркайдан коронавирустун жаңы түрүн аныкташты

 

Швециядагы илимпоздор энесинде COVID-19 диагнозу бар жаңы төрөлгөн ымыркайдан "SARS-CoV-2 у" деген коронавирустун түрүн аныкташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Мальмё ооруканасына кош бойлуу аял катуу ич оорусу менен кайрылган. Ошол эле учурда наристеде кычкылтек жетишсиздигинен улам жүрөктүн кагышы нормалдуу төмөн болгон. Аялга кесарево операциясы жасалып, коронавируска анализ тапшырылып, жыйынтыгы эне үчүн да, ымыркай үчүн дагы оң натыйжа берген. Вирустун геномун анализдөөдө наристе инфекцияны төрөлгөнгө чейин жуктуруп алгандыгын көрсөттү.

Алгачкы изилдөөлөр көрсөткөндөй, эне менен баланын вирустары бирдей болгон, бирок экинчи анализдин жыйынтыгында жаңы төрөлгөн ымыркайда вирустун жаңы түрү бар экени аныкталган.

Лунд университетинин ооруканасынын акушер-гинекологу Мехрен Зайгам: "Бул коронавирустун төрөлгөнгө чейин, түйүлдүккө жуккандыгынын өзгөчө шарттарындагы генетикалык өзгөрүүлөрдүн биринчи учуру", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: