super.kg logo
  Саясат  

"Туубуздун кызыл түсү оңбосун!". Садыр Жапаровдун туу күнүнө карата куттуктоосу

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта кыргыз элин Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады. Президенттик аппараттын маалымат кызматы өлкө башчынын куттуктоосун жарыялады.

"Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Өлкөбүздүн эгемендиги менен эркиндигин айгинелеп турган мамлекеттик туубуз улуу кыргыз элинин рухий дөөлөттөрүн, тарыхый басып өткөн жолун чагылдырып турат. Эзелтеден эле элибиз кызыл туунун астында бир муштумдай биригип, өз алдынча мамлекет, өз алдынча эл болууга умтулуп, намысын бийик кармап келишкен. Ошентип тарыхта кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүп, даңазаланышына желбиреген кызыл туубуз айныгыс далил болуп берет.

Бүгүнкү күндө кызыл туубузга мамиле улам тереӊдеп, ага урмат-сый артып барат. Ар бир Кыргыз жарандын, айрыкча, жаштардын Ата Мекенге болгон атуулдук ыйык сезимин, патриоттук духун көтөрүп, мекенин сүйүүгө түздөн-түз идеологиялык кызмат аткарууда.

Мына бүгүн дагы ата-бабаларыбыздын салтын улай, өлкөнүн келечеги үчүн бир туунун астында биригип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара албан-албан ийгиликтерди жараталы.

Эрдиктин, тайманбастыктын символу болгон туубуздун кызыл түсү эзели оңбосун, бакубаттуулукту, байыркы кырк уруунун биримдигин чагылдырган күн нурлары эч качан өчпөсүн, ал эми элибиздин ынтымагынын белгиси болгон түндүгүбүз түшпөсүн. Улуттун улуу максатын, кечээгиси менен келечегин чагылдырып турган аталарыбыздын табериги - кызыл туубуз түбөлүк желбиреп турсун!".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: