super.kg logo

УКМК коррупция фактысы менен «Кыргызкөмүр» ишканасынын жана Транспорт министрлигинин кызматкерлерин кармады

 

УКМК коррупция фактысы менен «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын, ошондой эле Транспорт жана жолдор министрлигинин кызматкерлерин кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-март күнү кылмыштардын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн негизинде "коррупция" беренеси менен «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» филиалынын кызматкерлери, ошондой эле Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы "Турускул" салмактык-габариттик көзөмөл пунктунун инспекторлору кармалды.

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» филиалынын кызматкерлери ар бир унаадан көмүрдү тоскоолдуксуз жүктөө үчүн миң сомдон ар бир айдоочудан алып турушкан. Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2019-2020-жылытуу мезгилине карата Бишкек шаарындагы ЖЭБге көмүрдүн ташылышын эске алганда, 15 миң 376 жүк ташуучу унаага жүк жүктөлгөн. Ал эми 2020-2021-жылытуу мезгилинде унаалардын саны 22 миң 199 түзгөн. Натыйжада "Кыргызкөмүрдүн" кызматкерлери эки жылытуу мезгилинде негизсиз алган каражаттын көлөмү 37 миллион сомдон ашкан.

Ушундай схемасы "Турускул" салмак-габариттик көзөмөлдөө инспекторлору тарабынан уюштурулган. Анда алар мыйзам бузууларды жашыруу үчүн ар бир айдоочудан 500 сомдон алып турушкан. Ыкчам тергөө иш-чаралардын натыйжасында, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын 2 кызматкери жана “Турускул” салмак-габариттик көзөмөл пунктунун 2 инспектору кармалып, Нарын ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Учурда коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле аталган кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
03.03.2021. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушинтип эле кармап жегенин мамлекетке төктүрсөңөр тышкы карыздан кутулуп дагы 10млрд.казынага түшөт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: